• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын шаарында IT тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Нарын шаарында IT тармагын өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, калаа башчысы Самарбек Болотбеков Кыргызстан программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассоциациясы (KARPOU) менен кызматашып, Нарында IT тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин жана ал үчүн кандай шарттар бар атайын онлайн конференцияда белгиледи.

Шаар башчысы жогорку технологиялык парк менен кызматташуу учурдун талабы экендигин белгилөө менен компьютер программалоого кызыккан жергиликтүү жашоочулар үчүн жакшы шарттарды түзүү максаты бар экендигин айтып, “Кыргызстан жаша - бүткүл дүйнөдө иште” - деген чакырыкка көңүл буруунун зарылчылыгын белгилөө менен Кыргызстан программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассоциациясы менен тыгыз иш алып барууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий