• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери эмдөөдөн өтүп жатышат

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев министрликтин кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги эмдөө пункттарынын биринде коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин кызматкерлери планга ылайык, ушул жылдын июль айынын аягына чейин эмдөөдөн өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий