• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үсөнбаев: COVID-19 оорусу тастыкталган прокурор жандандыруу бөлүмүндө жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. COVID-19 оорусу тастыкталган прокурор жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин арасында коронавирусту жуктурган жаңы учур катталган жок. "Илдетти жуктурган прокурор жандандыруу бөлүмүндө. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калат деп ишенем", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 172си медицина кызматкери. Илдеттен 322 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий