• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бир суткада 228 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 5 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-августка карата коронавирус дагы 228 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 152, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 27, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусу - 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 394 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 159 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 миң 148 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 миң 702 киши айыгып чыкса, 2 миң 489 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий