• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош: Акыркы коңгуроо аземинде коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт

Аймак 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматынан кабарлашкандай, ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү башкармалыгынын, ички иштер башкармалыгынын, мэриянын тийиштүү өкүлдөрү жана мектептин директору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, Н.Кадыров тиешелүү жетекчилерге 25-26-май күндөрү мектептерде коомдук коопсуздукту камсыз кылууда иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

“25-май күнү шаардагы бардык мамлекеттик жана жеке менчик мектептерде акыркы коңгуроо учурунда коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөйт. Ал эми, 25-26-май күндөрү жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү шаардын чет жерлеринде жайгашкан эс алуу жайларына барган унааларды да көзөмөлдөйт. Мындан сырткары, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге акыркы коңгуроого акча чогултууга жана окуучуларга бул күндү көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынат. Ал күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт.

Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын бөлүмдөрүндө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салынат”, - деди вице-мэр.

Пикир

Оставить комментарий