• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эне тилдин эл аралык күнү — Жалал-Абад ОИИБдин видеоролиги

Аймак 0


Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнү. Бул датага карата Жалал-Абад облусунун аймагында эне тилдин 1 айлыгы өтүүдө. Анын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан тил күнүнө арналган видеоролик даярдалды. Анда кызматкерлер накыл сөздөрдү айтышып, эне тилибизди даңазалашат.

Белгилей кетсек, 21-февраль - Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган. ЮНЕСКО уюмунун иликтөөсүнө караганда, дүйнөдө 6 миң 500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен.

Пикир

Оставить комментарий