• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Элфильм» студиясы «One День Күн» тасмасына башкы жана эпизоддук ролдорго сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. «Элфильм» студиясы режиссер Бакыт Мукулдун «One День Күн» көркөм тасмасына башкы жана эпизоддук ролдорго сынак жарыялайт.

Тасманын продюсери Эрмек Мукулдун маалыматы боюнча, студия 18 жаштан 30 жашка чейинки улан-кыздарды, 7 жаштан 10 жашка чейинки балдарды, 35 жаштан 75 жашка чейинки эркек жана аялдарды издейт.

“Бардык каалоочулар тандоого катыша алышат. Сынак күн сайын Жунусалиев көчөсү 175/2 дарегинде саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Сурап-билүү үчүн номерлер: 0709885689; 0702731586

Пикир

Оставить комментарий