• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жарандары Түркияда пенсия жана жөлөк пул ала алышат – Соцфонддун түшүндүрмөсү

Коом 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. Түркия менен Кыргызстандын өкмөтү ортосунда социалдык камсыздандыруу макулдашуусун ишке ашыруу боюнча административдик келишимге кол коюлган. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров келишим тууралуу кененирээк айтып берди.

Анын айтымында, аталган келишимге ылайык эки өлкөнүн жарандарына КРдин жана Түркиянын аймагында бирдей шартта пенсия жана жөлөк пул алганга мүмкүндүк пайда болот. Бирок камсыздандырылган жана мыйзам чегинде иштеген гана жарандар ала алышат.

Билдирүүдө айтылганда, пенсияны котору пропорционалдык тартипте болуп, топтолгон эмгек тажрыйбасына жараша болот.

Мисалга, КР жаранынын 5 жылдык иш тажрыйбасы өз мекенинде жана 20 жылдык иш тажрыйбасы Түркиянын аймагында болсо, анда 5 жыл бою ага КР тарап пенсия бөлөт, ал эми калган аралыкты – түрк тарап берип турат.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Түркиянын аймагында 15 миңден ашуун КР жараны жашаса, КРдин аймагыда 5,4 миңге жакын Түркиянын жарандары бар. Учурда Кыргызстан ушундай эле келишимди Белоруссия жана Армения менен түзгөнү турат.

Пикир

Оставить комментарий