• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын борбордук мечитинде оңдоп-түзөө иштери башталганын муфтияттан билдиришти.

Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатовдун айтымында, мечиттин сырткы тарабы толугу менен жаңыдан боёлду.

"Борбордук мечит шаардагы алгачкы мечиттерден болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө чейин мечиттин дааратканасы, мечиттин чатыры толугу менен оңдолуп бүткөрүлдү. Эми мечиттин сырткы дубалдары сырдалып жатат. Ирети менен бардык тарабын жаңылап чыкмакчыбыз", - деди Эрназар ажы.

Пикир

Оставить комментарий