• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн дээрлик 1 миң маршрутка чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 986 маршрутка чыгарылды.Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү эки тарапка тең бошотулду. Эми бул тилкеде маршруткалардын ордуна автобустар жүрө баштады.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүн маршруткалардан бошотуу долбоорлору иштелип чыкты. Бул жерде дагы 2 маршруттук линия автобустарга алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий