• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Кызматтык кемчиликтери үчүн 90го чукул жетекчиге тартип жазалары берилди

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен ички иштер органдарынын жетекчилик курамдагы 90го чукул кызматкерлерине ар кандай тартип жазалары берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурумда белгилүү болду.

Ведомстводон билдиришкендей, айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү кийинки отурумдарда карала тургандыгы белгиленди.

Коллегияда ИИМ жетекчилиги тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, ротациялоону улантуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам жана мыйзам чегинде жооп берүү, кылмыш бетин ачуу жана аны сапаттуу тергөө, өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, жол коопсуздугун сактоо багытында кескин чараларды көрүү, коомдук тартипти сактоодо заманбап технологияларды толук ишке киргизүү боюнча сапаттуу иштер жүргүзүү жана ички тартипти чыңдоо багытында тынымсыз иш ишмердүүлүктү сапаттуу жүргүзүү боюнча тапшырмалар коюлду.

Бүгүнкү коллегиянын чечиминин аткарылышы ИИМдин Башкы штабы тарабынан көзөмөлгө алынып, анын аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий