• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айтматовдун 90 жылдыгы: Республикалык акындар айтышы өтөт

Коом 0

Бишкек, 02.11.18 /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. 2018-жылдын 8-ноябрында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык акындар айтышы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине уюштуруучу топтун мүчөсү Асылбек Маратов билдирди.

Айтыш 8-ноябрда Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында өтөт. Башталышы саат 10:00.

Айтыштын тандоо туру 5-ноябрда саат 10:00дө Манас кинотеатрында жүргүзүлөт. Айтышка жалпы 16 акын тандалып алынат.

"Айтыштын жобосунда айтышка чыккан акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, уйкаштыгына, оюнун тереңдигине, аткаруучулук чеберчилигине, төкмөлүк шыгына, сахнадагы маданиятына, кийиминин салтуулугуна карап баа берилет", - деп билдирди Маратов.

Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн. сом.

Белгилей кетсек, айтыш өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улутук “Манас ордо” комплекси жана “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий