• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнда саат 09:00дөн 22:00гө ЧЧК - Аул көчөсү - Элебесов көчөсү - Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында ичүүчү суу токтотулат.

Суу Арал тилкесиндеги (Каражыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий