• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи айым “Кыргызстан аялдарынын активдүү жарандык коом уюмдары тынчтык үчүн” долбооруна арналган иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн Баткен шаарында “Кыргызстан аялдарынын активдүү жарандык коом уюмдары тынчтык үчүн” долбооруна арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айгүл Жапарова белгилегендей, бул долбоордун ачылышы Баткен облусунун тургундары үчүн, ошондой эле жалпы өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Өткөн жылдын күзүндөгү окуялар – ал оор күндөр бардыгынын эсинде.

«Баткендин чек ара аймактарынын жашоочулары айылдарын коргоп, бири-бирине жардам берип, үй-жайынан ажырагандарга моралдык жактан колдоо көрсөтүп, бат эле аларга баш калкалай турган жай таап берип, дагы бир жолу «калкан катары» бекем туруп, каармандыгын көрсөтүштү.

Кээ бириңер менен эже-сиңдилердей кучакташып, жакындыгыңарды сезип, жолукканга мүмкүнчүлүгүм болду.

Бишкектеги жолугушуубузда Баткендеги жашооңордогу окуяларды айтып берип, алдыга койгон пландар жана үмүттөр менен бөлүштүңөр. Анан ошол жолугушууда баарынан да «Топурагы алтын туулган жерди таштап кетүүгө акыбыз жок» деген сөздөрүңөр таң калтырды. Кандай гана кыйынчылык болбосун, Баткен жергесинде тынчтык орноп, үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн жашап, иштеп турган мезгилди кыялданам дедиңер. Кылымдар бою коңшулаш жашаган коңшу өлкөнүн чек ара айылдарынын тургундары менен жакшы мамиледе болуунун маанилүүлүгүн белгиледиңер», - деп баса белгиледи биринчи айым.

Айгүл Жапарова тынчтык, ынак кошуначылык, өз ара жардамга келүү салттары ар дайым кыргыз элинин негизги дөөлөтү жана энчиси болуп келгендигин кошумчалады. Ал эми ар бирибиздин милдетибиз – бул мурасты сактоо, кийинки муунга өткөрүп берүү.

Ошону менен бирге ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Баткен облусунун өнөктөштөрү БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор коомдогу ынтымакты бекемдөөгө багытталган. Процессти тездетүү үчүн жашоочуларды биргелешкен аракеттерди ишке ашырууга түрткү бере алган активдүү аялдарды жана алардын уюмдарын колдоо маанилүү.

Айгүл Жапарованын ою боюнча, жаңы долбоордун алкагында активдүү жарандардын, жарандык коом уюмдарынын жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара кызматташууну чыңдаган сүйлөшүүлөр тажрыйбасын улантууга болот.

Жаңы долбоордун жардамы менен тынчтык, тилектештик, ынак кошуначылык, өз ара жардамдашуу жана ынтымак сыяктуу улуттук баалуулуктарды биргелешип сактоого жана арттырууга болот деген ишенимин билдирди.

Аягында Айгүл Жапарова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган долбоордун өнөктөштөрүнө - БУУнун Кыргызстандагы Аялдар түзүмүнүн офисине, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна (ФАО) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондуна ыраазычылык билдирди.

Мындан башка биринчи айым Айгүл Жапарова Баткен шаарында өтүп жаткан туристтик форумга катышты.

Пикир

Оставить комментарий