• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын XII пленардык жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/ Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XII пленардык жыйынына катышты.

Түркия Республикасынын Анкара шаарында өтүп жатканда жыйында “Парламенттик дипломатия адилеттик дүйнө үчүн: Энергетика, Миграция, Азык-түлүк” – деген темада талкуу болду.

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАга мүчө өлкөлөрдө болуп өткөн акыркы окуяларга токтолуп, боордош мамлекеттер бирин-бирин бардык учурларда колдоп келе жатканын белгиледи.

“Бизди курчап турган дүйнөдө кырдаал тездик менен өзгөрүүдө. Бирок өзгөрүүлөрдүн алкагында парламенттик дипломатиянын адилеттүү дүйнөнү орнотууда салымы абдан чоӊ. Мындан улам, жыйыныбызда каралап жаткан бардык маселе биз үчүн өтө маанилүү”,– деген төрага боордош элдерди энергетика, миграция тармактарында жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында биргелешип иш алып барууга чакырды.

Андан тышкары, Кыргызстан 2030-жылга карата парник газдарын чыгарууну 43,62%га кыскартып, 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү пландап жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Ушул пландарга жана максаттарга ылайык, энергетика тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашырууну көздөөдөбүз. Алсак, Кыргыз Республикасы бүткүл Борбордук Азия чөлкөмүнүн гидроэнергетикалык ресурстарынын 30%га жакынына ээ”, – деди.

Ошондой эле миграциялык көйгөйлөрдү чечүү багытында парламенттер аралык диалогду күчөтүү зарылчылыгына токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы азык-түлүк коопсуздугу да негизги маселе экенин кошумчалады.

“Андыктан кыргыз парламенти айтылган ар бир маселе боюнча Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен тыгыз кызматташууга кызыкдар. Себеби, энергетика, миграция жана азык-түлүк өңдүү тармактардагы алакаларды кеңейтүүдө парламенттик дипломатиянын потенциалы чоң. Биз бул потенциалды жигердүү пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн жана парламенттерибиздин ортосундагы ишенимдүү мамилелерди өнүктүрүүгө, элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө тийишпиз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Кошумчалай кетсек, пленардык жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Айбек Осмонов жана Улан Бакасов да катышты.

Пикир

Оставить комментарий