• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

К.Рыспаев: “Улуттук күрөш оюну улам майдаланып барат, аларды жалпы бир “кыргыз-күрөшүнө” бириктирүү зарыл”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, спорттун улуттук түрлөрү менен салттуу оюндар кыргыз элинин маданиятынын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Алардын көп кылымдык тарыхый таржымалы бар. Эң мыкты улуттук салттар иргелип отуруп, муундан-муунга өтүүдө. Ошондон улам, иштеп жаткан мыйзамга “спорттун улуттук түрлөрү” жана “салттуу оюндар” деген түшүнүктөрдү киргизүү аркылуу аларды сактап калуу жана өнүктүрүү демилгеси сунушталууда.

Спорттун улуттук түрлөрү жана салттуу оюндар азыркы ааламдашуу жүрүмүндө толук же жарым-жартылай жоголуп кетүү коркунучуна кабылууда. 2016-жылдын 31-мартында Кыргызстан ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын Репрезентативдик тизмесине киргизүү үчүн «Көк бөрү – салттуу ат оюну» номинациясын Кыргызстандын атынан сунуш кылды. Мындан улам “салттуу оюндар” түшүнүгүн мыйзамдаштыруу зарылдыгы жаралды.

Талкуу жүрүшүндө депутат Кожобек Рыспаев өтө көп чыгымдарды талап кылгандыктан, “көк бөрү” оюунун өнүктүрүү милдетин мамлекет өзүнө алышы керектигин баса белгиледи. “Андан тышкары, улуттук күрөш оюну “баткен-күрөш”, “лейлек-күрөш”, “талас-күрөш”, “алыш-күрөш” аталуу менен улам майдаланып барат, аларды жалпы бир “кыргыз-күрөшүнө” бириктирүү зарыл”, - деп, депутат коӊшу казак эли улуттук күрөштүн түрлөрүн “казак-күрөшүнө” бириктиргенин ага мисал тартты.

Пикир

Оставить комментарий