• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Ош шаарынын тургуну "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты

Коом 0


Бишкек, 22.05.23./Кабар/. Ош шаарынын тургуну "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун колдоочусу, «Катиба Таухид Валь-Джихад» ЭТУга тиешеси бар, Ош шаарында туулган З.Х.Г. аттуу жаранга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чарасында З.Х.Г.га Кыргызстандын аймагында жогоруда аталган уюмдардын ишине тыюу салынганы жана ага катышуу КР мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жазасы каралганы түшүндүрүлдү.

З.Х.Г. карата мурда тинтүү жүргүзүлгөн учурунда тыюу салынган экстремисттик материалдар табылып алынган, буга карата “ХТ” ДЭУнун жетекчилери менен болгон байланышынан расмий түрдө баш тартканын мойнуна алды.

Бул багыттагы иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий