• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бишкекбашкыархитектура" жана "Кадастрга" архивди көтөрүп, инвентаризация жүргүзүү тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 22.05.23./Кабар/. 1-июнга чейин "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесине жана "Кадастрдын" Бишкек шаарындагы филиалына болгон архивдик иш кагаздарды көтөрүп, инвентаризация жүрүгүзүү тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, укук белгилөөчү документтердин жетишсиздиги көйгөйүн бүгүн “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев, шаардык кызматтар, ошондой эле шаар тургундары талкуулашты.

Жашоочулардын атынан өкүл көп жылдардан бери жер тилкелерине кызыл китеп ала албай жатышканын билдирди. Анын айтымында, жашоочулардын айрымдарынын мыйзамдуу документтери бар, калгандарынын документтери жок.

Жыйындын соңунда "Бишкекбашкыархитектура" жана "Кадастрга" архивди көтөрүп, инвентаризация жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий