• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баатырова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын сессиясына катышууда

Ден соолук 0

Бишкек, 22.05.23./Кабар/. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын (ДССА) 76-сессиясына катышууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, сессиянын жүрүшүндө бир катар стратегиялык тегерек столдор өткөрүлөт. Тегерек столдордо ДССУнун делегаттары, өнөктөш институттар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ДССУнун эксперттери глобалдык маанидеги коомдук саламаттык сактоонун учурдагы жана келечектеги артыкчылыктарын талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо максатында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө бир катар мамлекеттердин делегация башчылары менен жолугушууну пландаштырууда.

Мындан тышкары, ДССАнын 76-сессиясы башталган күнү «Ден соолук баары үчүн» жана «Спорт ден соолук үчүн» принциптерин жайылтуу максатында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна мүчө-мамлекеттердин бардык делегациялары жарышка катышышты.

Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жогорку чечим кабыл алуучу органы болуп саналат. Ассамблеянын негизги функциялары: Уюмдун багытын аныктоо, Башкы директорду дайындоо, Уюмдун финансылык ишмердигин көзөмөлдөө, сунушталган программалык бюджетти кароо жана бекитүү. Анын жылдык сессиялары Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий