• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕБ жана ДССУ Кыргызстанда саламаттыкты сактоону санариптештирүүнү күчөтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Европа Биримдиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанда саламаттыкты сактоону санариптештирүүнү күчөтүү боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун ЕБ жана ДССУнун өкүлдөрү КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен бирге саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө санариптик чечимдерди колдонуу практикасын изилдөө максатында шаардык перинаталдык борборго жана №6 үй-бүлөлүк медицина борборунда болушуп, "iЭмдөө" ("iEmdoo") иммунизациялоо маалыматтык системасы менен таанышышты.

Иш сапардын алкагында делегация мүчөлөрү оорукананын жана баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдун күнүмдүк ишинде санариптик каражаттарды жигердүү пайдаланып жаткан медицина кызматкерлери менен жолугушту. Алар төрөттү каттоо жана бейтаптарды амбулатордук эсепке алуу боюнча маалыматтык системалардын практикалык колдонулушу менен таанышты.

Ошондой эле вакциналарды алган адамдардын, анын ичинде пландалган жана эпидемиологиялык себептер боюнча жүргүзүлгөндөрдүн жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү "iEmdoo" маалымат системасы көрсөтүлдү. Бул система жаңы төрөлгөн баланы биринчи эмдөө учурунда төрөт үйүндө түзүлгөн санариптик эмдөө картасы аркылуу медициналык бошотуулар, эмдөөдөн кийинки мүмкүн болуучу терс таасирлер жана бейтаптын өмүр бою ден соолугунун башка маанилүү аспектилери жөнүндө маалыматтарды жазууга мүмкүндүк берет.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев белгилегендей, жашы жете элек балдарды эмдөө боюнча маалыматтар алардын ата-энелерине мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү, бул ата-энелерди балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө активдүү тартууга жардам берет. Бүгүнкү күндө 2 миллиондон ашык санариптик эмдөө карталары түзүлдү, бул маалыматтык системанын актуалдуулугун баса белгилейт.

"Бул аймактык долбоор Борбор Азияда күчтүү жана туруктуу саламаттык сактоо системасын түзөт. ЕСтин 10 миллион евро өлчөмүндөгү колдоосунун аркасында Кыргызстандын саламаттык сактоо сектору саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык, регионалдык же улуттук кризистерге жооп кайтарууга жакшы даярданган", - деп ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер.

Иш сапардын жүрүшүндө ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско санариптик доордо Кыргызстандын электрондук саламаттык сактоону чыңдоого басым жасоосу саламаттык сактоо кызматтары менен жалпы камтууга жетишүүнүн стратегиялык кадамы экенин белгиледи. Технологияны колдонуп, өлкө ар бир жаран үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тайманбас кадамдарды жасап жатат.

Иш сапардын соңунда делегация мүчөлөрү мындан аркы кызматташуунун багыттарын жана санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу "Санарип MED" моделин ишке ашыруунун багыттарын талкуулап, анын натыйжалуулугу жана өнүгүү перспективалары боюнча баалуу пикир жана көз караштар менен алмашышты.

Маалымат үчүн: Бул визит Борбордук Азиянын 5 өлкөсүндө - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда - COVID-19 пандемиясынын таасирин азайтуу жана саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн Европа Биримдиги тарабынан каржыланган 4 жылдык долбоордун алкагында уюштурулду. Бул багытта эмдөө негизги ролду ойнойт. Борбордук Азия өлкөлөрүнө коопсуз вакциналарды алдыга жылдырууда жана калкка жеткирүүдө колдоо көрсөтүү менен, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана контролдоо бир топ натыйжалуу болот.

Европа Биримдиги Борбордук Азиядагы эмдөө жана саламаттыкты сактоо боюнча маалымат системаларына 10 миллион евро инвестициялап, аларды санариптештирүү жана сапаттуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен модернизациялоону улантууда, бул эч ким артта калбашы үчүн эмдөөнү каалаган убакта жогору камтуусун камсыз кылуу үчүн маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий