• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги сарык менен күрөшүүнүн бир айлыгын жарыялады

Ден соолук 0


Бишкек, 28-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги сарык оорусу менен күрөшүүнүн бир айлыгын жарыялады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Медициналык кызмат жардамын уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын жетекчиси Саматбек Тойматов билдирди.

Анын айтымында, бардык медицина мекемелеринде, госпиталдан тартып, поликлиникага чейин масштабдуу маалымат компаниясы жүргүзүлөт.

“Анда өзгөчө оорунун алдын алууга көңүл бөлүнөт. Биздин бардык дарылоо мекемелерибизде, үй бүлө борборлорунда, аймактык жана республикалык ооруканаларда боор оорусуна кантип туруштук бериш керектиги боюнча жолугушуулар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Белгилүү болгондой, бул оорунун бир нече формасы болот. Сарыктын “А” түрү менен өзгөчө жаш балдар ооруйт. Инфекция боорду жана башка органдарды жабыркатып убагында дарылабаса кийинчэрээк оорунун күчөп кетишине алып келет”,-деди ал.

Тойматов 2016-жылдан бери көрсөткүч азайганы менен, ар жыл сайын 2,5 миң жаран бул ооруга чалдыгышарын белгиледи. Бул жогору көрсөткүч экенин адистер айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий