• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чиновник жана жумушсуз адам президенттикке талапкерлигин көрсөтүшүүдө

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Борборшайкомго өлкө президенттигине өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн эки адамдан - Муканбай Айманбаев – жумушсуз жана Эрнис Зарлыков - Бишкектин 1-вице-мэринен арыз түшкөн.

Мындан тышкары “Чоң казат” саясий партиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы съездинин президенттик кызматка талапкер катары Турат Акимовду көрсөтүү чечими келген.

Ошондой эле, “Кыргызстан” саясий партиясынын 27-июлдагы V съездинин Канатбек Исаевдин талапкерлигин алып чыгуу чечими келип түшкөн.

28-июлга карата БШКга:

- өзүн өзү көрсөткөн 35 жарандан арыз келип түшкөн. Алар: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К.Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К.Шайымбетов, М.Айманбаев, Э.Зарлыков.

- 10 саясий партия өз талапкерин көрсөткөн: Т.Сариев – “Ак-Шумкар” саясий партиясы, Б.Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы, Турсунбек Акун “Адам укугу” саясий партиясы, А.Мадумаров – “БүтүнКыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков – “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – “Патриоттук партия «Ата-Журт” саясий партиясы, И.Масалиев – “Кыргызстан коммунисттер партиясы” саясий партиясы, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан – Темирбек Асанбеков, Т. Акимов – “Чон казат“, К.Исаев – “Кыргызстан” саясий партиясынан.

Жалпысынан 46 талапкер КР президенти кызматына көрсөтүлүүдө.

Президентти шайлоо 15-октябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий