• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте онкологиялык ооруларды эрте диагностикалоочу борбор ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Бишкекте "Turkish Health Clinic" ачылды, бул Кыргызстанда бирини жолу ачылган биринчи ПЭТ (позитронно-эмисионный томография) жана КТ (компьютердик томография) борбору болуп саналат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, "Emsey Hospital" башкы директору Хайреттин Йекелер, "Turkish Health Clinic" башкы директору Микаил Сурер, андан тышкары Түркиялык жана Кыргызстандык дарыгерлер катышты.

Ардактуу коноктор кызыл лентасын кесишип, жаңы борбордун ачылышы менен куттукташты.

Ализа Солтонбекова позитронно-эмиссиялык томографиянын жардамы менен заманбап диагностика эми Кыргызстанда жеткиликтүү болорун белгиледи.

«Диагностиканын бул түрү онкологиялык жана башка ооруларды эрте диагностикалоо маселесинде сапаттуу кадам жасоого мүмкүндүк берет»- дейт Ализа Солтонбекова.

Борбор заманбап жабдыктар менен жабдылган.

"Turkish Health Clinic" диогностика жана ракты аныктоо борборунун негизги милдети Түркияда жана Кыргызстанда өз тармагындагы адистерден түзүлгөн профессионалдар тобунун жардамы менен эл аралык стандарттарга ылайык медициналык кызмат көрсөтүү болуп саналат.

Кыргызстандагы калкка медициналык кызмат көрсөтө баштаган Кыргызстандагы бирден-бир ПЭТ (позитрон-эмиссиялык томография) жана КТ (компьютердик томография) борборунда ишке ашырылган Эрте онкологиялык диагностика программасынын аркасында рак клеткаларын эрте аныктоого болот этаптары жана рактын өнүгүшүн алдын алуу.

Пикир

Оставить комментарий