• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Россиянын Саламаттык сактоо министрликтери тармактык кызматташтыкты өнүктүрөт

Ден соолук 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Андрей Плутницкий менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында болуп өттү.

Жолугушууда тараптар фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого басым жасап, саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Андрей Плутницкий россиялык фармацевтика тармагынын потенциалын баса белгилеп, өзүнүн дары-дармек өндүрүшүн өнүктүрүү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Алымкадыр Бейшеналиев Россияны Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы стратегиялык өнөктөшү катары тааный турганын билдирди. Ал эне жана баланын ден соолугун коргоо, онкологиялык кызматты өнүктүрүү жана башка приоритеттүү багыттар боюнча туруктуу колдоо жана кызматташууну белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо тармагындагы узак мөөнөттүү өнөктөштүгүн бекемдей турган калктын саламаттыгын жана медициналык жардамды уюштуруу системасын жакшыртууга багытталган иштерди активдештирүү ниетин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий