• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суракматов жаңы жылды Ала-Тоо аянтында шаар тургундары менен бирге тосту

Коом 0

Бишкек, 01.01.19. /Кабар/. "Ала-Тоо" аянтында 31-декабрда кыргыз эстрада жылдыздары жана белгилүү бий топторунун катышуусунда жаңы жылдык иш-чара өттү,-деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Жаңы 2019-жылды шаар тургандары жана коноктору менен бирге тоскону калаа башчы Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэр, бардык райондун акимдери, шаардык кызматтардын жетекчилери да келишкен.

Саат 23:50дө өлкөнүн башкы балатысынын жанында орнотулган чоң LED-экрандан КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун куттукттоосун көрүшкөн.

Жаңы жылдык иш-чара саат 00:00дө көз жоосун алган салюттардын асманга атылышы менен аяктаган. Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн саат 02:00 чейин автобус, троллейбус жана кичи бустар иштеп турган.

2000ден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн.

Пикир

Оставить комментарий