• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжа районунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлүү маселелерин айтышты

Коом 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, «Эркин микрофон» форматында өткөн жолугушууга райондун 400гө жакын жаран катышты.

Кара-Кулжа районунун тургундарынын басымдуу бөлүгү социалдык көйгөйлөр, суу менен камсыздоо, ички жолдорду, бала бакчаларды, дамбаларды куруу жана оңдоо маселелерин көтөрдү.

Суроолордун башка бөлүгү медицина кызматкерлеринин жетишсиздигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин компетенциясына тийиштүү болду.

Көптөгөн айыл тургундары жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү кызматтардын ишинин сапатына нааразы экендигин билдиришти. Суу каптоонун натыйжасында бүтүндөй айдоо аянттары суу астында калып, дыйкандарга олуттуу зыян келтирүүдө.

Бакыт Төрөбаев Кара-Кулжа районунун тургундарынын пикирин угуп, инфраструктуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйында бала бакча, спорт комплекстерин жана башка социалдык имараттарды куруу боюнча көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтенет.

Мындан тышкары, залда отурган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү жарандардан фермерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү жана башка көйгөйлөрдү чечүү боюнча кайрылууларды жеринде кабыл алышты.

«Айылдын ар бир тургуну мамлекеттин реалдуу жардамын сезиши керек. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдар айылдарды жана айыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу сарпташы тийиш», - деди ал.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев жана Курманкул Зулушев 7-10-сентябрга чейин Ош облусунун 7 районунун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий