• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ыктыярчы президент менен болгон жолугушууда эмнелер жөнүндө сөз болгондугун айтып берди

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берген активисттер жана ыктыярчылар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө көптөгөн маанилүү маселелер, анын ичинде өлкөдөгү жаңы ооруканалардын курулушу, ошондой эле дарыгерлердин айлыгын жана кенемтелердин өз убагында төлөнүп берилиши талкууланды.

Мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда эмнелер тууралуу сөз болгондугун “Best мууну” ыктыярчылар кыймылынын лидери, активист Нуриля Чолпонбаева айтып берди.

“Жолугушуу жакшы өттү. Соцтармактарда биз президент менен бирге отуруп, селфи кылуу үчүн бардык деген билдирүүлөр жазылган. Бирок, айтаарым, жолугушуу мазмундуу жана маңыздуу өттү. Ыктыярдуу уюмдардын 12 лидери бүгүн келип, ар бирибиз ыктыярдуу иш-аракеттерибизде дуушар болгон көйгөйлөрдү айтууга мүмкүнчүлүк алдык. Президент жолугушууда жасаган ишибиз үчүн ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин ар бирибиздин чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүгүбүз болду. Ыктыярчылар өз милдеттерин аткарууда туш болгон эң орчундуу көйгөйлөр жөнүндө айтып беришти. Албетте, медициналык багыттагы буюмдар, жабдыктардын жетишсиздиги жана салык маселеси айтылды. Дарыгерлерге кенемте төлөнбөй калган учурлар да талкууланды. Алардын эмгек акысын көтөрүү боюнча сунуштар айтылды”, - дейт ыктыярчы.

Нуриля Чолпонбаеванын айтымында, жолугушууда илдеттен каза болгондор жана гуманитардык жардамдын тегерегиндеги ызы-чуу тууралуу да сөз болду.

“Жолугушууга катышкандардын бири маркум Адинайдын сүрөтүн алып келди. Ал эми Бабур Көлбаев каза болгондордун баарына, анын ичинде Чубак ажынын элесине багыштап куран окуду. Баары өз пикирин билдиришти. Айтылган көйгөйлөрдүн көпчүлүгү окшош болду. Жаңы ооруканаларды куруу, дарыгерлердин маяналарын төлөө, айлык акыларды көбөйтүү боюнча сунуштар айтылды. Буга чейин Фучиктеги ооруканага гуманитардык жардам жөнөткөн жана дарыгерлердин эч кимиси беткап алган эмес деген видеону тараткан активист Абдрахман президенттен бул маселени жеке көзөмөлгө алууну суранды. Жээнбеков бул маселени чече турганын билдирди. Жолугушууга келген көпчүлүк активисттер аймактардагы стационарларды медкаражаттар жана дарыгерлер менен камсыздоону айтышты. Анткени, аймактарда медициналык каражаттардын жетишсиздиги байкалууда, бардык жумуштар негизинен шаарда гана жүрүүдө”, - деди Чолпонбаева.

Ал президент айтылган пикирлерди угуп, аны жазып алганын кошумчалады.

“Ал өзүнүн жардамчыларына көрсөтмө берип, айтылган маселелер боюнча жооптуу адамдар даярдала турган протокол түзүлө турганын билдирди. Анда иштин аткарыла турган күндөрү да жазылат. Бул маселелердин аткарылышынын мөөнөттөрү көрсөтүлгөн документ чыкканда гана жолугушуу жыйынтык берди деп айта алам”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий