• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алардын максаты — акча! ИИМ табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлиги табыптарга, көзү ачыктарга жана төлгөөчүлөргө ишенбөөгө чакырат.

Ведомствонун басма сөз кызматы алар адамдын аң-сезимин манипуляциялоону мыкты өздөштүргөн психолог адамдар экендигин баса белгилейт.

"Эреже боюнча, жарандар алардын жашоосунда жагымсыз кырдаал болуп кетсе, андан чыгуунун жолун билбей калса, аларга кайрылышат. Алардын максаты сиздин ден соолугуңуз же көйгөйлөрүңүз эмес, акчаңыз. Алар жүктөлгөн каргыштардан арылууга, бойдоктордун жолун ачууга, өлүмгө алып келүүчү оорулардын мөөрлөрүн өчүрүүгө жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган көйгөйлөрдү жок кылууга жардам беребиз деп алдап, өз тузагына илишет. Чындыгында, аларга маңдай териңиз менен тапкан акчаңызды берип, эч кандай жардам таба албайсыз", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги сиз же сиздин досторуңуздун ден соолугунда көйгөйлөр жаралса, медициналык мекемелерге кайрылууну сунуштайт.

"Эгер сиз жагымсыз жагдайга туш болуп калсаңыз, анда бул жөнүндө ишенген жакындарыңызга, досторуңузга же атайын психологго айтып бериңиз. Эгер сиз кылмыштуу кол салуудан жапа чеккен болсоңуз же кылмышка күбө болсоңуз, дароо милицияга "102" телефону аркылуу байланышыңыз", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий