• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Таштемир Айтбаевдин жубайы каза болду, ИИМ жана УКМК көңүл айтат

Коом 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Мурдагы ички иштер министри Таштемир Айтбаевдин өмүрлүк жары дүйнөдөн кайтты, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

"ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер министрлигинин өздүк курамы 2000-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген, генерал-лейтанант Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевичтин өмүрлүк жары Баялы Чолпон Асимовнанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп айтылат Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле УКМКнын жетекчилиги, ардагерлери жана жеке курамы Таштемир Айтбаевге көңүл айтат. "Терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий