• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте үй тибиндеги бала бакчага 700гө жакын бала барууда

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Бишкекте учурда үй тибиндеги 31 бала бакча иштеп, аларга 700гө жакын бала барууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, кыска мөөнөттүү окуудан өткөн 504 адам мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө сертификат алса, 166 жаран аталган багытта жеке ишкер катары Мамлекеттик салык кызматынан каттоодон өттү.

Ал эми учурда 677 адам онлайн окутуудан өтүүдө.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги балдар бакча “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

Пикир

Оставить комментарий