• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран Москвада кармалды

Коом 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Москва шаарында Кыргызстанда массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган КР жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган "Фейсбук" социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган КР жараны К.Н.К. мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н.К. Россиянын аймагынан кармалып, Кыргызстанга алып келинди.

Учурда соттун санкциясынын негизинде К.Н.К. 2023-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий