• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саипбаев: 30 жыл бою энергетикада көмүскө схема болуп келген. Ортомчулардан арылуу керек

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Коомдук ишмер Бактыбек Саипбаев электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү бышып жетилген зарылчылык деп эсептейт. Бирок президент Садыр Жапаров электр энергиясын бөлүштүрүүчү ортомчу компаниялардан арылууну баштабаса бул чара пайдасыз болмок. Эксперттин пикиринде, бул көп жылдан бери коррупциялашып келген тутумду жакшыртууга карай жол.

"Мен тарифтерди көтөрүүгө гана эмес, Садыр Жапаров жүргүзө турган реформага көңүл бургум келет. Кептин баары эгемендүүлүктүн 30 жылында биздин энергетикалык системабыз "чубайск" үлгүсү менен жашап келгендигинде болуп жатат. Эмне үчүн генерациялоочу кубаттуулуктарды электр тармактарынан бөлүү зарыл болгон? Анын үстүнө ал жерде Союздан калганын пайдаланып, жабдууларды – трансформаторлорду, электр чубалгыларын жаңылабай туруп, каймакты калкып ала турган ортомчулар киргизилди. Энергетиканы өнүктүрүү үчүн акчанын баары түз эле мамлекеттик бюджетке түшүшү керек болгондо, бул ортомчулар эмнеге керек?! Бирок, аягында бизде материалдык-техникалык база бир нече ондогон жылдар бою иш жүзүндө жаңыртылбай келген фактылар бар. Ошондуктан, энергетика тармагындагы жабдуулардын 90%ы же андан ашыгы эскирген. Суук түшкөндө бизде көйгөй башталат, балким бул көрүнүш акырындык менен жок болот деп үмүттөнөбүз. Бул чексиз улана бербейт да.

Абалды түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Биз эмне болуп жатканын көрдүк. Өтө кымбат бааланган бурагыч жана кычкачтардын тарыхы баарыбыздын эсибизде. Натыйжада бир нече жыл мурун Бишкектин Жылуулук электр борбору жарылып, кыштын ызгаартуу суугунда борбор калаа жылуулуксуз калган. Артка кетенчиктетип турган мындай шартта энергетика системасы иштебей турганын ачык көрсөттү. Мамлекет энергетикалык ортомчу компаниялардан тазаланышы керек, анткени алар электр энергиясын кымбаттатып жатышат. Бизге бөлүштүрүүчү тармактарды тейлеген өзүнүн структуралары бар бирдиктүү мамлекеттик энергетика системасы керек. Алар акчаны түз, ачык алуусу шарт.

Тарифтерди көтөрүүгө байланыштуу албетте бул көптөн бери бышып жетилген маселе. Акча уурдалбай, ортомчулардын чөнтөгүнө түшпөй, керек болгон жерге бара турганына көзү жетип жатса эл дагы кВт/саатына 1 сомдон ойлонбой эле төлөй бермек. Ошондуктан, азыр электр энергиясына болгон баанын бир аз көтөрүлгөнүнө эмес, өлкө башчысы энергетика тармагын кооптуу абалга алып келген ортомчуларды бул тармактан кетирүүнү көздөп жатканына көбүрөөк көңүл буруу керек деп эсептейм", - деди Саипбаев.

Пикир

Оставить комментарий