• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык штаб: Бишкектеги "Ош" базарында азык-түлүктөрдү сатуу эркин жүрүп жатат. Видео

Коом 0


Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бишкектеги "Ош" базарында азык-түлүк, жашылча-жемиш жана эт сатуу эркин жүрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын комендатурасы азык-түлүк коопсуздугун толугу менен көзөмөлдөөдө.

Эске сала кетсек, 9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти. Алардын ичинен 34 дарыгер илдетти жуктуруп алган. Коронавирустан 30 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий