• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 16сынан 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр – Талас – Тараз трассасынын 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 59-113-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымы;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
  • Бишкек – Нарын- – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман – Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымы. (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
  • Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымы;
  • Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу);
  • Түп – Кеген унаа жолунун 51-76-чакырымы, Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымы;
  • Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 165-173-чакырымы (Талдык ашуусу);
  • Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 218-224- чакырымдары.

ӨКМден унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарылдыгын эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий