• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

"Бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтырууга болот. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өлкөнүн айрым аймактарында термометрдин көрсөткүчү -33°C чейин төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий