• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Термометрдин көрсөткүчү -33°C чейин төмөндөйт! Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек. 16.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

17-18-февраль күндөрү абанын температурасы төмөндөп:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, түндүгүндө -22…-27°, күндүз -7…-12°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13 градус;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°;
  • Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -16…-21°, күндүз -4…-9°;
  • республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24°, күндүз -9…-14°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -20…-25°, күндүз -11…-16°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -28…-33°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий