• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 12 пайызга кыскарды

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 8-марттан тарта күчүнө кирген жаңы жол эрежелеринин негизинде жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 12 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 8-мартынан 16-мартына чейин өлкө аймагы боюнча 213 жаран жол кырсыгынан жаракат алышты. Быйыл ушул эле убакытта 188 жаран жол кырсыгынан жабыркап, жараат алгандардын саны 12 пайызга азайды.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 8-мартынан тартып жаңы жол эрежелери күчүнө кирген. Анын негизинде республикада жол эрежени бузуу фактылары азаюуда.

Пикир

Оставить комментарий