• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына 999 техникалык паспорт берилди

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына 999 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Жер-Ынтымагы» конушу боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 10 учурда четке кагылган, 1012 техникалык паспорт даярдалган.

Ошондой эле Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамическая, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарында декабрь айынан бери 1384 кайрылуу келип түшкөн.

2022-жылдын 11-январынан тарта Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, анын тургундары 419 арыз менен кайрылышкан.

17-январдан бери Ак-Тилек конушунан 186 арыз кабыл алынган. Ак-Босого конушунун тургундарынан 127 кайрылуу түшкөн.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Белгиленгендей, көчмө бригадалар өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

"Техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, ал кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтарды гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий