• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Телефон колдонгон айдоочуларга басым жасалат — Бишкекте «За рулём» рейди өтөт

Коом 0

Бишкек, 06.07.21./Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы 6-7-июль күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек шаарынын аймагында "За рулём" аталышында рейдтик иш-чара өткөөрүн эскертет.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бүгүн-эртең жол кырсыктарын алдын алуу, ага жол бербөө, коомдук тартипти сактоо жана айдоочулардын айдоо маданиятына көзөмөл жүргүзүү, ошол эле учурда мас абалында автоунаа башкарган айдоочуларга чара көрүү максатында калаанын борбордук жана жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдө автоунааларды токтотуп, текшерүү менен атайын рейдтик иш-чара өткөрөөрүн алдын ала маалымдайт.

"Айрыкча коопсуздуе курун тагынбагандарга жана айдоо учурунда телефон колдонгон айдоочуларга өзгөчө басым жасалат", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежени так сактап, айдоочунун жана авто унаанын керектүү документтери болуусун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий