• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын Ленин районунун тургундарын эмдөө пунктуна жеткирүү уюштурулду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Ленин райондук акимиаты муниципалдык аймактык башкармалык жана шаардык транспорт башкармалыгы менен биргеликте райондун жашоочуларын эмдөө үчүн №1 үй-бүлөлүк медицина борборуна жеткирүү уюштурду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей,район башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Айзада Жунусова жашоочуларды коштоп барып, №2 эмдөө пунктун текшерди.

«Урматтуу Ленин районунун жашоочулары! Эмдөө алуу үчүн муниципалдык аймактык башкармалык кайрылып, тизмеге катталсаңыздар болот, ал эми акимиат жашоочуларды эмдөө пунктуна жеткирет»,-деп айтылат маалыматта.

Ленин районундагы эмдөө пункттары төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот:

- №1 БҮМБ, Фучик көчөсү, №15/9;

- №2 ҮМБ, 3-линия көчөсү, №25.

Пикир

Оставить комментарий