• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртеңден тарта Бишкекте коомдук транспорт кадимки тартипте жүрө баштайт

Коом 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Эртең, 1-сентябрдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспорт кадимки тартипте жүрө баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Муниципалитеттин маалыматына таянсак, автобус, троллейбус жана маршруткалар кадимки режимде иштеп, эртеден кечке чейин белгиленген тартипте шаар тургундарына кызмат көрсөтөт.

"Санитардык нормаларды сактап, беткап тагынуу керектигин эске салабыз. Коомдук унаалардын ичинде антисептикалык каражаттар коюлуп, нымдуу чүпүрөк менен сүртүлүп турат жана дезинфекцияланат. Жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарда "Тулпар" картасы менен төлөм жүргүзө алышат", - деп айтылат маалыматта.

Коомдук транспорт боюнча маселе жаралса төмөнкү телефондорго байланышса болот:

Шаардык унаа башкармалыгы (маршруткалар): 0550143637;

Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорту мекемеси (автобустар): 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Пикир

Оставить комментарий