• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жылда унаанын терезесин караңгылатууга уруксат берүүдөн 246 млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бир жылда унаанын терезесин караңгылатып айдоого уруксат берүүдөн 246 млн сом түштү. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылпысынан бир жыл аралыгында унаанын терезесин караңгылатууга 3 миңден ашык уруксат кагаз берилген.

"Унаа" МИ унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу фактылары катталып жатканына байланыштуу мындай бузуулар үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганын эскертет.

"Жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып пул төлөө жоопкерчилигин тартпоо үчүн уруксаттын мөөнөтүн узартууну сунуштайбыз, ал эми ала элек, бирок унаанын алдыңкы каптал эшиктеринин айнектерин караңгылатып жүргөн жарандарга караңгылатууга уруксат алуу үчүн "Унаа" мамлекеттик мекемесинин каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, унаанын алдыңкы каптал эшиктерин караңгылатып айдоого 2023-жылдын 1-июнунан тартып уруксат бериле баштаган.

Пикир

Оставить комментарий