• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектиктерге огородун ичүүчү суу менен сугарганы үчүн айып салынды

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бишкектиктерге огороддорду ичүүчү суу менен сугарганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мыйзам бузуулар “Бишкексууканалдын” кызматкерлери тарабынан ичүүчү сууну сарамжалдуу эмес пайдалануу жана жашыл бак-дарактарды күндүз сугаруу боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталды. Алар борбордогу 49 миңге жакын үй ээликтерин текшерип, суу өлчөгүчтөрү жок үй ээлерине 8 миң 231,76 сом өлчөмүндө айып салды.

Иичүүчү сууну сарамжалдуу эмес пайдалануу боюнча рейддер күн сайын жүргүзүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, бул сезондук көйгөй жеке сектордун жашоочулары огороддорун, жеке участокторун сугарып, бассейндерди жана башка сыйымдуулуктарды толтуруп сууга активдүү киришкендигинен улам келип чыгууда.

"Бишкексууканал" бишкектиктерден ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий