• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда айдоочулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан апта башынан тартып Жалал-Абад-Бишкек багытында каттаган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Жалал-Абад облустук ЖКККБнын башчысынын орун басары Нурлан Саркаров айрыкча туруксуз аба ырайынан улам сак болуп, ылдамдыкты жогорулатпай, ашууларда этият болуп, күндүзгү убакытта жолго чыгууну сунуштады.

Ошону менен катар жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себептерине токтолуу менен айдоочуларга жол эрежелерин так сактоону, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу чектөөлөр болуп жаткандыгын, эгер мүмкүн болсо убактылуу кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүнү сунуштап, эскертмелер берилди.

Айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кам көрүп жаткандыктарына ыраазы болгон айдоочулар жол сакчыларына ийгиликтерди каалап өтүштү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери облус аймагында – 124 (2021-жылы - 114) жол кырсыгы катталган, натыйжада - 20 адамдын өмүрү кыйылып, - 206 (189) жүргүнчү денелеринен ар түрдүү жарааттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий