• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Ысык-Ата районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 24-март күнү Ысык-Ата РИИБине арыз менен 1959-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү болжол менен 21:30 чамасында беткапчан бейтааныш адамдар анын үйнө кирип, тапанча менен коркутуп, баалуу буюмдарын жана акча каражатын алып кетүүгө аракет кылып, бирок эч нерсе таба албастан арыз ээсин ур-токмокко алып, белгисиз тарапка качып кетишкендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, мурда соттолгон 1995-жылы туулган Ф.А., 1991-жылы туулагн М.Р., 1985-жылы туулган М.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий