• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов кызматташуу келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Өзбекстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү кошуна, стратегиялык өнөктөш жана бир тууган мамлекет экенин баса белгилегим келет. Биз бир катар багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуудабыз. Өзбекстандын жетекчилигине Баткен облусунун Самаркандек жана Маргун айылдарындагы мектептердин курулушу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкция жүргүзүүсү үчүн ыраазычылык билдирем. Бир тууган өзбек тараптын бул чечимдери биздин элдерибиздин ортосундагы достук мамилелерди ачык-айкын тастыктап турат», - деди Акылбек Жапаров.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өз кезегинде жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөлөр ортосунда өнөр жай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын, энергетика, транспорт, логистика тармагында олуттуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, ал эми долбоорлорду финансылык жактан колдоо үчүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишке киргизилгендигин кошумчалады.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана энергетика, айыл чарба, транспорт, чектеш соода жүгүртүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар Эркештам – Дароот-Коргон – Үч-Коргон автожолунун, Кызыл-Кыя шаарындагы чектеш соода логистикалык борборунун курулушун, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү аспектилерин талкуулады, бул максатта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун потенциалын колдонууга болот.

Жолугушуунун катышуучулары соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар жана даяр экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий