• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Мамлекеттик катчы генерал Ысакбек Монуевдин 120 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыздын алгачкы генералы Ысакбек Монуевдин 120 жылдыгына карата өткөн илимий-практикалык конференцияга катышып, доклад жасады.

Иш-чарага коргоо министри, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Аскер институтунун курсанттары катышты.

Ысакбек Монуев Алай районунун Нура айылында 1902-жылы туулган. Алайдагы атактуу кыргыз ак сөөк тукумундан келип чыккан. Атасы, – чоң соодагер, Синьцзянга көчүп кеткен. Ысакбек 25-жашында Кызыл-Суудагы кыргыздардан топ куруп советтик-кытай чек арасынан өткөн басмачылар менен согушкан. Бул ишмердүүлүгү үчүн Гоминдан өкмөтү ага генерал-майор наамын ыйгарган.

Кийинчээрек анын Гоминдан бийлиги менен пикир келишпестиктер пайда болду. Алма-Атага качкан Монуев, ал жерде аскер бөлүм түзүп, Шинжаңга кайтты жана Гоминдандын аскерлерин талкалап салды. 1944-жылы Ахметжан Касими башында болгон таанылбаган Чыгыш-Туркестан республикасы түзүлдү. Монуев анын аскер күчтөрүнүн башчысы болду.

1949-жылы Чыгыш Туркестандын өкмөтү КСРБге сүйлөшүүлөргө жөнөгөн. Бирок учак Алма-Ата шаарынын жанында кырсыкка учураган. (П.Судоплатовдун эскерүүлөрү боюнча кырсык советтик атайын кызматтары тарабынан уюштурулган, себеп дегенде Сталин Мао Цзэдун менен Кытайдын аймактык бүтүндүгү тууралуу сүйлөшүп койгон, ошондуктан көз карандысыз Чыгыш Туркестандын түзүлүүсү экөөнүн тен кызыкчылыгына дал келбеген).

Пикир

Оставить комментарий