• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматы ведомство төрагасынын орун басары Мукашевдин билдирүүсүнө байланыштуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашевдин билдирүүсүнө байланыштуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы түшүндүрмө берди.

Анда мындай деп айтылат:

"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндө жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн Кытай тарап менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кытайдын Кыргызстандагыэлчиси Ду Дэвэнь Кытайда калкты эмдөө жигердүү жүрүп жатканын билдирген.

Элчи чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүү пункттарынын кызматкерлерин, айдоочуларды, товарларды жана транспорттук каражаттарды ташуу менен алектенген башка адамдарды приоритеттүү тартипте вакцинациялоону сунуш кылгандыгын эске алып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргыз Республикасынын калкына эмдөө жүргүзүү жөнүндө айтып жатып, товарларды жана транспорттук каражаттарды ташуу менен алектенген адамдарды вакцинациялоо катары мааниде билдирген.

Кытай тарап менен биргеликте "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташууну көбөйтүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек".

Пикир

Оставить комментарий