• 88.68
  • 95
  • 0.95

5-10 жылдан кийин Кыргызстанда пенсиялык фонд жок болот – ЖК депутаты

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Биздин пенсиялык фонд дагы 5-10 жылдан кийин жок болушу мүмкүн деп божомол бар. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, ошондуктан учурда жарандардын топтоо фонду арзандап бара жатат.

«Эгер компаниялар Кыргызстанда өз иштерин каржы технологиялар жаатында жүргүзүшсө, анда жарандардын аманаттарын алтын менен сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Алтын дайыма кымбаттап турат, ошондуктан ишенимдүү актив болуп саналат»,-деди ал.

Мындан мурда депутат Ибраев пенсияга байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу менен мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Пикир

Оставить комментарий