• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Юстиция министрлиги 2020-жылы республикалык бюджетке 152 млн сом которгон

Коом 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. КР Юстиция министрлиги 2020-жылы республикалык бюджетке 152 млн 700 миң сом которду, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Алардын ичинен:

- 140 млн 158 миң 700 сом суммасында нотариалдык аракеттер үчүн юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым;

- 221 миң сом суммасында лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым;

- 10 миң 100 сом суммасында сертификаттарды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн мамлекеттик алым;

- 101 миң 300 сом суммасында мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар;

- 10 млн 968 миң 400 сом суммасында апостиль коюу үчүн жыйымдар;

- 1 млн 284 миң 500 сом суммасында башка төлөмдөр;

- 10 миң 700 сом суммасында административдик айыптар.

Пикир

Оставить комментарий